Ливияда чектөөлөргө каршы акцияда 200дөн ашык адам жабыркады
Полиция болсо көздөн жаш агызчу жана желим окторду колдонду.
Өлкөдө эң жарды шаарлардын бири болгон Триполиде нааразылык акциялары аптанын башынан бери уланып жатат. Демонстранттар коронавируска байланыштуу коменданттык саат баштаган чектөөлөрдү четке кагууну, жашоо шарттарын жакшыртууну талап кылышууда. Алардын айтымында, чектөөлөрдөн улам экономикалык абал начарлап, банк системасы кыйынчылыкка кабылып, кылмыштуулук көбөйдү.
Ливиянын башка шаарларында да нааразылык акциялары өтүп жатат.
Ливиянын бийлиги былтыр декабрда коронавируска байланыштуу өлкө аймагында өзгөчө кырдаал жарыялаган. Бардык мамлекеттик жана жеке ишканалар жабылган.
Пандемия башталгандан бери 290 миңден ашык адам вирус жугузуп, 2500гө жакын адам каза болду.
