Орусияда Навальныйдын иниси камалды
Навальный түптөгөн Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун директору Иван Жданов билдиргендей, ал санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузган деген ишке шек саналууда.
Ушундай эле шек менен 27-январда фонддун юристи Любовь Соболь да кармалып, эки күнгө камакка алынды. Экөөнүн тең бөгөт чарасы 48 саат ичинде аныкталууга тийиш.
Шаршембиде Соболдун жана Алексей Навальныйдын үйлөрүндө тинтүү жүргөн. Саясатчынын иниси тинтүү учурунда анын батиринде болгону, полиция эшикти бузуп киргени кабарланган.
Бул күнү полиция учурда Москвадагы тергөө абагында отурган Алексей Навальныйдын тарапкерлери жана жакындарынын үйлөрүндө жалпы он бештей тинтүү жүргүзгөн.
Алексей Навальный 17-январда Берлинден Москвага учуп келери менен «Шереметьево» аэропортунда кармалган. Ага карата «Ив Роше» иши боюнча шарттуу жаза камакка алууга алмашканы айтылып, 30 күнгө камакка алынган.
Учурда оппозиционер Москвадагы «Мастросская тишина» аттуу тергөө абагында кармалууда.
23-январда Орусиянын бир нече шаарында Навальныйды абактан бошотууну талап кылган акциялар өткөн. Анын жүрүшүндө 4 миңдей адам кармалганы белгилүү болду.
