Сыймык Жапыкеев Финполицияга жетекчи болду
Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз катчысы Анастасия Пискур 17-октябрда "Азаттык" радиосуна билдирди.
Финполдун мурдагы башчысы Бакир Таиров кызматтан кетти.
Сыймык Жапыкеев мурда прокуратурада иштеген. Кийинчерээк «Чоң казат» уюмунун лидери катары таанылып, ушул аталыштагы партия менен 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо ат салышкан. Кыргызстандагы бир нече саясатчынын атын атап, аларды күмөндүү жолдор менен байыган деп айыптап жүрөт. (SE)
