Кыргызстанда дагы 21 медицина кызматкери коронавирус жугузуп алды
Баткен облусунда – 6;
Жалал-Абад облусунда – 5;
Бишкек шаарында – 5;
Ысык-Көл облусунда – 3;
Талас облусунда – 1;
Ош шаарында – 1.
Ал эми акыркы суткада стационардан алты, үй карантининен 11 медкызматкер чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3529 учур катталды, алардын 3145и сакайды.
Марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 51490 адамды түздү. Анын 1108и жашоо менен кош айтышып, 45 509у айыкты. (SE)
