Орусиядан 460 кыргызстандык кайтып келди
Орусиядан кайткандардын тизмесин атайын комиссия түзүп жатат. Ал тизмеге кошууда кош бойлуу, баласы бар аялдарга, майыптарга, ооруп жаткандарга, карыларга артыкчылык берилет. Ошондой эле пандемияга чейин «Аэрофлоттун» билетин сатып алып, бирок уча албай калгандар да эске алынат.
Учуп келгендер Кыргызстанда обсервацияга алынды. (TSh)
