Таласта “3-каналдын” кеңсеси өрттөлдү
“Атайын жасалган иш деп ойлоп турамын, себеби терезени сындырып, өрт чыгаруучу каражатты ыргытышыптыр. Эмнеге байланыштуу экенин билбейм. Эч ким менен деле чырдашкан эмеспиз”, - деди Токтосунова.
Окуя боюнча милицияга кабарлашкан. Азырынча укук коргоо органдары расмий кабар тарата элек.
“3-канал” – Талас облусунда 2017-жылдан бери иштеп келатат. (TSh)
