Добавить новость
123ru.net
World News
Февраль
2020
1 2 3 4 5
6
7
8
9
10
11 12
13
14
15
16
17
18
19
20 21 22
23
24
25 26
27
28 29

Шадиевдин мүлктөрүн камактан чыгаруу Бишкек шаардык сотто каралат

0
Башкы прокуратура эки жыл мурда кылмыш иши козголгон соң өлкөдөн чыгып кетип, кийин сыртынан 10 жылга кесилген мурдагы вице-премьер Аскарбек Шадиевдин мүлкү боюнча маалымат таратты.


Башкы көзөмөл органдын кабарлашынча, мурдагы вице-премьер Аскарбек Шадиевге козголгон кылмыш иштин алкагында камакка алынган “Карвен – четыре сезона” ишканасынын уставдык капиталынын 33,33% үлүшүн жана мүлкүн камактан чыгарууну өтүнүп, Саадат Шадиева Биринчи май райондук сотуна кайрылган. 2019-жылдын 19-июль айында Биринчи май райондук соту Саадат Шадиеванын арызын канааттандырган.


2019-жылдын 17-августунда Башкы прокуратура Биринчи май райондук сотунун жогорудагы чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылып, райондук соттун чечимин жокко чыгарган жана иш соттук өндүрүштөн алынган. Бирок, 2019-жылы 19-декабрда Жогорку сот Бишкек шаардык сотунун чечимин жокко чыгарып, ошол эле сотко ишти кайра кароого жөнөткөн.


Мындан тышкары Биринчи май райондук соту мурдагы вице-премьер Аскарбек Шадиевге козголгон кылмыш иштин алкагында камакка алынган Манас көчөсү 11/1 деги мүлкүн, “Аква Инвест” жана “Аква Инвест Плюс” ишканасынын үлүшүн, “Тойота Лэнд Крузер” автоунаасын жана коммерциялык банктагы эсебин Асел Шадиеванын арызы менен камактан чыгарган. Башкы прокуратура райондук соттун чечимине каршы даттанып, учурда иш Бишкек шаардык сотунда каралууда.


Асел Шадиева мурдагы вице-премьер Аскарбек Шадиевге козголгон кылмыш иштин алкагында камакка алынган Орто-Сай айылындагы, “Ала-Арча” конушундагы мүлктөрдү камактан чыгаруу боюнча Аламүдүн райондук сотуна кайрылган. Сот Шадиеванын арызын канааттандырган эмес. Чүй облустук жана Жогорку соту бул арызды соттук өндүрүштөн алуу чечимин чыгарган.


Башкы прокуратура мурдагы вице-премьер Аскарбек Шадиевге байланыштуу камакка алынган мүлктөр боюнча сотко кайрылган Саадат Шадиева менен Асел Шадиева издөөдөгү саясатчынын кандай тууганы болоорун кабарлаган эмес. Айрым жергиликтүү сайттар Саадат Шадиева Аскарбек Шадиевдин кызы экенин жазып чыгышкан.




«Бир Бол» партиясынын парламенттеги депутаты Аскарбек Шадиевге Башкы прокуратура алгач «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Буга КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы себеп болгон.


Андан соң Шадиев качып кеткени, АКШда жүргөнү кабарланып, мурдагы Кылмыш-жаза кодексинин «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренесинде каралган белгилер боюнча иш козголгон. Шадиевге жана анын үй-бүлөсүнө таандык бир канча мүлкү камакка алынган. Бул кылмыш иши боюнча Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчыны сыртынан 10 жылга эркинен ажыраткан.


Мындан тышкары, ага «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо» беренеси боюнча да айып коюлган. (TSh)





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net