Түркияда ондогон куткаруучуну көчкү алып кетти
Кырсык 5-февралда өлкөнүн Иран менен чектешкен Ван провинциясынын Бахчесарай шаарына жакын жердеги жолдо болгон. Ал учурда куткаруучулар андан бир күн мурдагы көчкүдөн кийин дайынсыз кеткен эки кишини издеп жатышкан. Анда табигый апааттан беш кишинин өмүрү кыйылган эле.
Кар жаап, катуу шамал уруп, туман түшкөн учурда издөө иштерин татаалдантууда.
