Кыргызстан коронавирусту аныктоочу реагенттерди алып келди
Акыркы маалыматтарга караганда, Кыргызстанда өпкөнү сезгенткен коркунучтуу оорунун белгилери бар адамдар каттала элек.
4-февралда Кытайдын Саламаттык сактоо комиссиясы вирустан 425 киши өлгөнүн, ооруну жугузуп алгандардын саны 20 миңден ашканын билдирди. Акыркы күнү бир суткада вирустан көз жумгандардын саны 64 адамга жеткени дайын болду. (TSh)
