«Алтын кум», «Рохат» жана «Дилором» пансионаттары жеке башкарууга берилет
Анын айтымында, үч пансионатты жеке инвесторго берүү пландалып жатат. Бирок алар мамлекеттин мүлкү болуп кала берет. Учурда бул маселе Финансы министрлигинде каралууда. Исакулов ал эс алуу жайларынын имаратынын эскилиги жеткенин, ишкана жылына казынага 3 млн. сом киреше төгөрүн айтты.
2017-жылы кыргыз өкмөтү Ысык-Көл жээгиндеги төрт пансионатты убактылуу пайдалануу укугу менен Өзбекстанга өткөрүп берүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканы кабарланган. Анда өзбек тарап пансионаттардагы тейлөө деңгээлин көтөрүп, инвестициялоо боюнча милдеттенме алмак. Бирок бул келишимдин тагдыры эмне болгону белгисиз.
2016-жылы кыргыз өкмөтү совет учурунда Ысык-Көлдө Өзбекстан пайдаланып келген төрт пансионатты менчиктештирүү боюнча токтом чыгарган. Эс алуу жайларынын аталыштары кыргызчаланып, «Рохат» - «Алтын жай», «Дилором» - «Эне-Сай», «Золотые пески» - «Бостери» деп өзгөргөн. Ал эми «Бустон» пансионатынын аты ошол бойдон калган.
2017-жылы Өзбекстан доо арыз менен Эл аралык арбитраждык сотко кайрылган. (TSh)
