Иранда АКШнын тыңчысы деп табылган киши өлүм жазасына тартылат
«БЧБнын тыңчысы болгон Амир Рахимпур БЧБдан чоң акча алып, Ирандын өзөктүк программасынын кайсы бир бөлүгү жөнүндө маалымат берүүгө аракет кылганы үчүн соттолуп, өлүм жазасына кесилген. Ирандын Жогорку соту өкүмдү күчүндө калтырды, жакында өлүм жазасына тартылат», - деп маалымдады Ирандын сот бийлигинин өкүлү.
«Fars» агенттиги мындан тышкары кайрымдуулук уюмунда иштеген эки киши да соттолгонун кабарлады. Алардын бири тыңчылык үчүн айыпталып 10 жылга, экинчиси «улуттук коопсуздукка шек келтирди» деп күнөөлөнүп беш жылга кесилген. Бирок ал кишилер жөнүндө кенен маалымат берилген жок.
Иран кош жарандуулукту тааныбайт жана сот бийлиги айыпталуучуну Ирандын жараны катары соттойт. 2019-жылы Ирандын бийлиги БЧБга таандык «тыңчылар түйүнүн» аныктаганын, 17 киши кармалып, алардын айрымдары өлүм жазасына кесилгенин билдирди. (TSh)
