Перл-Харбордо аскердин огунан үч киши курман болду
Аймактын губернатору Дэвид Айдж курман болгондордун жакындарына көңүл айтты. Окуядан кийин база бир нече саатка жабык турду.
Сөз болуп жаткан базада Перл-Харбордо жайгашкан АКШнын Тынч океан флотунун кемелерин жана суу алдында сүзчү кемелери каралып, оңдоп-түздөлөт. Ал жакта 10дой эсминец, суу алдында сүзүүчү 15 кеме бар.
