Францияда мамлекеттик кызматкерлер жапырт иш ташташты
- Чын, иш таштоолор кыжырга тиет, жүргүнчүлөр нааразы. Бирок мындай иш-аракет мыйзам чегинде жүрүп жаткан болуш керек. Балким алардын да талаптары бар, аны угуп, талкуулаш керек.
Париждин өзүндө коомдук транспорттун басымдуу бөлүгү токтоп, метронун бир топ каттамдары жүрбөй калган. Буга кошумча «Air France» компаниясы ички аба каттамдардын 30% токтотулганын билдирди.
Жумушчулардын кесиптик кошуундары бейшембиде пенсия реформасына каршы чоң жүрүшкө чыгышарын мурунтан эскертишкен. Жолчулардын иш таштоосуна мугалимдер, дарыгерлер да кошулган. Билим берүү министрлиги жалпы мектеп мугалимдеринин 55% ишке чыкпаганын билдирди.
Париждеги жүрүштөргө байланыштуу Эйфел мунарасы, Лувр музейи сыяктуу маданий жайлар бул күнү туристтерди кабыл албай турганын эскертишкен. Шаардагы мейманканалар миңдеген чет өлкөлүк коноктор алдын-ала буюртмаларынан баш тартып жатканын кабарлашты.
