RFE\RL: Орусиядагы жаңы мыйзам журналисттердин коопсуздугуна коркунуч жаратат
- Мыйзам кабарчылардын ишмердигине каршы жана алардын коопсуздугун коркунучка коёт. Жаңы мыйзам журналисттердин оозун жабууга мажбурлап, окурмандын каалаган булагынан маалымат алуу укугун чектейт,- деп белгиледи Флай.
RFE\RL радиосунун Москвада бюросу бар жана жергиликтүү кабарларды чагылдыруу үчүн Орусиянын көптөгөн аймактарындагы журналисттер менен кызматташат.
Акыркы жылдары корпорациянын орус кызматы жаңы долбоорлорду ачкан. Алардын арасында «Север.Реалии» жана «Сибирь.Реалии» сайттары да бар. «Реалии» Орусиянын түндүк аймактарындагы жашоо жөнүндөгү материалдарды чагылдырууга арналган.
Орусиянын президенти Владимир Путин 2-декабрда жеке тараптарды «чет өлкөлүк агент» деп аныктай турган мыйзамга кол койгон. Бул документти өткөн айда Мамлекеттик Дума кабыл алып, Федерация Кеңеши да жактырган.
Ноябрда он эл аралык уюм, алардын ичинде "Amnesty International", "Human Rights Watch", «Чек арасыз кабарчылар» жана Журналисттерди коргоо комитети орус бийлигин жарандарды «чет өлкөлүк тыңчы» деп аныктай турган мыйзам долбоорунан баш тартууга чакырган.
«Чет өлкөлүк агенттер жөнүндө» мыйзам Орусияда 2012-жылы кабыл алынган. Аны менен сырттан акча алган бейөкмөт уюмдар атайын реестерде катталууга милдеттендирилген.
2017-жылы ноябрдан тарта чет жактан каржыланган жалпыга маалымдоо каражаттарын дагы бул тизмеге кошууга жол ачкан мыйзам иштей баштаган. Учурда аталган реестрде 150дөн ашык коммерциялык эмес уюм жана маалымат каражаты катталган. Арасында RFE\RL радиосунун орус кызматы жана «Настоящее время» телеканалы бар.
