Москвага "Домодедово" аркылуу баргандар каттоого түшпөй жатат
Паспортко мамлекетке киргенин тастыктаган мөөр басылганы менен онлайн каттоого түшкөн эмес. Бул көйгөй ноябрдын акыркы күндөрүнөн бери күчөгөнүн "Азаттык" радиосуна кайрылган мигранттар билдиришти.
Федерациялык миграция кызматы андай маселеге туш болгондорго кайра аэропортко барып, каттоого турууну сунуш кылууда.
Кыргызстандын элчилиги да муну бышыктап, мында дипломатиялык өкүлчүлүк жардам бере албасын, көйгөйдү чечүү Орусиянын органдарынын милдети экенин билдиришти. Кыргызстандын Миграция кызматынын ал жактагы өкүлчүлүгү да ушундай жооп берди.
Мигранттар Москвага барчуларды "Домодедоводон" башка аэропортторго - "Шереметьевого" же "Внукового" учууну сунуш кылып жатышат.
