Тажикстанда "Золотая корона" акча которуу системасынан пайдаланууга тыюу салынды
Тажикстандын Улуттук банкы 4-декабрда жарандар акчаларын эми "Юнистрим"жана "Contact" төлөм системалары аркылуу гана жөнөтө аларын билдирди. Мунун себеби учурда "Юнистрим" менен "Contact" төлөм системалары гана өлкөдө иштөө үчүн расмий түрдө уруксат алганы менен түшүндүрүлдү. Жакында алардын катарын "Western Union" да толуктайт.
Буга чейин Орусиядагы эмгек мигранттарынын 80 пайызы акчаны “Золотая коронадан” жөнөтүшчү. Коммерциялык банктарга чет өлкөдөн “Золотая корона” аркылуу келип түшкөн акчаны төлөп берүүгө тыюу салынды.
Бир нече күн мурда тажик жарандары Орусиядан жөнөтүлгөн акчаны ала албай жатканын айтып чыгышкан.
Тажикстанда 3-декабрдан тарта улуттук акча которуу системасы иштей баштаган. Ага ылайык, эл аралык төлөм системалары Тажикстандын Улуттук банкында атайын эсеп ачып, операцияларын ал аркылуу ишке ашырууга милдеттендирилген.
2019-жылдын тогуз айында мигранттар Тажикстанга 2 миллиард 490 миллион доллардан ашык акча жөнөткөн.
