Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр курамасы БАЭни жеңди
2020-жылы Өзбекстанда өтө турган өспүрүмдөрдүн курама командаларынын Азия чемпионатына тандап алуу алкагында өткөн бул оюн Кыргызстандын курамасы орун алган “D” тайпасынын экинчи оюн күнүндө өткөн. Тайпада Кыргызстандан сырткары Иран, БАЭ жана Непалдын командалары бар.
Буга чейин Кыргызстан Иран командасына 3:0 эсебинде жеңилип калган. Ал эми Бириккен Араб Эмирлигинин командасы Непалды 4:0 эсеби менен жеңген.
10-ноябрда Кыргызстандын өспүрүмдөрү Непалдын футболчулары менен беттешсе, Иран командасы БАЭнин футболчулары менен күч сынашат.
Тайпада эң көп упай топтогон эки команда тандоо оюндарынын кийинки алкагына чыгат. (UAs)
