Ноокаттагы мрамор кенин иштетүү токтоп турат
- Азырынча жумуш токтоп турат, - деди Таалай Бердикулов. - Биз уруксат алаарда арча тууралуу кеп болгон эмес. Ошол учурда токойчулар макул болушкан экен. Эми «арча кыйылбасын» деп жатышат. Мыйзамда «бир арча кыйылса, анын ордуна 100 арча отургузуi керек» деп айтылган. Бул өтө кымбатка түшөт экен. Биз СССР мезгилинде ачылган карьерди, арча жок жерди иштетүүнү суранып жатабыз.
Ноокат районундагы Акарт мрамор кенинин жалпы аянты 14 700 гектар. Анын 13 миң 500 гектары Ош токой чарбасынын, калганы Ноокат токой чарбасынын карамагында. Райондук токой чарба кызматкерлери 14 700 гектар аянтта кеминде 6 500 түп арча бар экенин, кен иштетилсе алар кыйылып кетерин белгилеп, кенди иштетүүгө каршылыгын билдиришкен.(ZKo/MdN)
