Кой-Ташта жараат алган күч кызматкерлеринин үчөө ооруканада дарылануусун улантууда
- Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо мекемелеринде беш адам жатат. Алардын үчөө аскер, экөө жай тургун.
Бүгүн мэрияда шаардагы коомдук тартип маселесин талкуулаган жыйын өттү. Жыйынга күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышып, маалымат беришти.
7-8-августта Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы өткөрүлгөн. Ал азыр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат. Атамбаевге бир нече айып тагылды.
Атайын операция учурунда 130дан ашуун адам жараат алган, атайын кызматтын бир офицери каза болгон. Чүй облустук милициясынын башчысы башынан жараат алган. Азыр ал Москвада доктурлардын көзөмөлүндө, абалы жакшырганы тууралуу кабар келе элек. (RK)
