Жалал-Абаддын борбордук базарындагы өрттүн зыяны такталууда
Өрттү өчүрүүгө төрт бригада жана шаардагы суу чарба башкармалыгынан техника тартылып, таңга жуук толугу менен чектелди.
Шаардын жарандык коргонуу комиссиясы жеринде иштеп, тактоо жүргүзүүдө.
Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев эртең менен өрт чалган базарга барып, жабыр тарткан соодагерлер менен жолукту. Ишкерлерди сабырдуулукка чакырып, мындан ары өрт коопсуздугу боюнча эрежелерди сактооо менен жергиликтүү бийликтин талаптарына баш ийүүгө чакырды.
Буга чейин Экотехинспекция базарда өрт коопсуздук эрежелери сакталбай жатканына байланыштуу бир нече жолу эскертүү бергени маалым болду. 2018-жылы апрель айында да ушул эле базардан өрт чыккан. (RsK)
