УКМК: Бишкектеги өтмөктөрдү оңдоодо казына 376 миң сом зыян тарткан
Мекеменин маалыматына караганда, быйыл 14-августта Бишкек шаарынын прокуратурасы Жазык кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш баштады.
Былтыр Чүй проспектиси жана Абдрахманов көчөсү, Манас жана Чүй проспектилеринин кесилиштериндеги, «Аламүдүн», «Мадина» базарларынын жанындагы өтмөктөрдү оңдоо боюнча өткөрүлгөн сынактар текшериле баштаган.
Атайын кызмат белгилегендей, жыйынтыгында Бишкек шаарынын казынасына 376 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталган. Мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жети кызматкери тартип жазасына тартылган.
Сотко чейинки өндүрүш иши УКМКга өткөрүлүп берилди. Тергөө жүрүп жатат.
Бишкектеги эки ири өтмөктү мэрия 2017-жылы толук жаңылаган. Буга 27 миллион сом кеткени кабарланган. Бирок көп өтпөй ичине жаан өтүп, кээ бир карапа такталары түшүп калганы тууралуу сүрөттөр Интернетте тараган. (RK)
