Каркыра капчыгайынын жолун куруу 2020-жылы башталат
Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, туристтик база жана Каркыра капчыгайынын аймагына жанаша жайгашкан Түп – Кеген чоң жолу "Аймактагы жолдорду жакшыртуу" программасына кирген.
Долбоорду 27,5 млн. доллар насыя, ушунча суммада грант бөлүп Дүйнөлүк банк каржылап жатат.
Учурда финансылык келишимди ратификациялоо иштери жүрүүдө. 2020-жылы баштала турган жолдун курулушун 2024-жылы бүтүрүү пландалган. (КЕ)
Дагы окуңуз: Өзбекстан акча алмашуу курсун эркин койо берди
