8-августта Коопсуздук кеңешинин чукул жыйыны өтөт
Президент Сооронбай Жээнбеков 7-августта кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн токтотуп, Бишкекке келгенин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди. “Азыр ал Бишкекте, 8-августта эртең менен Коопсуздук Кеңешинин жыйынын өткөрөт. Кошумча маалыматты дагы беребиз” – деди Стамалиева.
Чүйдүн Кой-Таш айылында күч кызматкерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын 7-августта кечки саат сегиздерде баштады. Кырдаал курчуп, ок атылды.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, ар кандай жараат менен 25 киши ооруканага жаткырылды. Атамбаевди кармоо операциясында жарадар болгон атайын бөлүктүн аскери каза болгонун министрлик ырастады.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кармоо операциясы жүрүп жатканын, желим октор гана колдонулганын маалымдаган.
Бир аз мурдарак ИИМ коомдук тиртипти камсыз кылуу үчүн кошумча күч тартылганын билдирди.