Бишкекте мелдештеги кырсыкта жабыркагандар ооруканага жаткырылды
Мелдеш өтүп жаткан жерде нөөмөттө турган дарыгерлер жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүшкөн. Андан тышкары «тез жардам» кызматы да барган. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова жабыркагандар тууралуу буларды билдирди:
«Окуя болгон жерде жеке менчик жана мамлекеттик ооруканалардын дарыгерлери иштешиптир. Жеке менчик ооруканалардын дарыгерлери канча кишиге жардам бергени жөнүндө бизде маалымат жок. Ал эми мамлекеттик ооруканалардан эки топ иштеп, аларга төрт киши кайрылыптыр. Үчөө Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жаткырылып, бирөө үйүнө жөнөтүлгөн».
21-июлдагы жарышта тартылган тасмадан жогорку ылдамдыкта келаткан автоунааны айдоочу башкара албай көрүүчүлөр турган тараптагы тосмону сүзүп кирип кеткенин көрүүгө болот.
Дрифт бул - автоспорттун экстремалдык түрү. (BTo)
