Көчмө клиника Нарындын алыскы айылдарын кыдыра баштады
Буга чейин клиника Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Чүй облустарында болгон. Нарындан кийин Ошко барат.
Алыскы айылдардын тургундарын офтальмолог, отоларинголог, эндокринолог, кардиолог, педиатр, гинеколог, невропатолог, маммолог, уролог доктурлар текшерүүдө. ВИЧ/СПИДге да ошол жерден анализ тапшырып, жыйынтыгын алса болот.
Кыргызстанда заманбап жабдыгы бар лаборатория, клиникалар негизинен Бишкекте жайгашкан. (RK)
