Жээнбеков мамкызматкерлерге тарыхый чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн эскертти
Президент бул тууралуу Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамына карата жолдогон куттуктоосунда айтты.
Ошону менен катар мамлекет башчысы “Ар бириңиздерге элибиздин жана өлкөбүздүн тагдыры үчүн тарыхый чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн унутпаңыздар” деп кайрылды.
Кыргызстанда мамлекеттик кызматта иштегендердин саны 18 миң адам экенин Статистика комитети кабарлаган. (RK)
