Камактагы Сапар Исаков президентти эки жүздүү тышкы саясат жүргүзбөөгө чакырды
Соттун жүрүшүндө Исаков президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды. Анда "эки жүздүү тышкы саясат мамлекеттин кулашына алып келет" деп айтылган. Мурдагы премьердин кайрылуусунун текстин экс-президент Алмазбек Атамбаев башында турган КСДП партиясынын өкүлдөрү таратты.
Анда Исаков Жээнбеков Кытай төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуусунда «Гранттык жардамдар Кыргызстандын экономикасына, энергетикалык көз карандысыздыгына абдан жакшы таасир берип жатат» деп айтканын, бирок сотто «Электр станцияларынын» өкүлү ЖЭБ боюнча кытайлык компаниянын алдына коюлган максаттар ишке ашпаганын билдиргенин эки жүздүүлүк катары баалаган.
ЖЭБди модернизациялоо боюнча айыптар менен ШКУнун келечектеги көптөгөн долбоорлоруна, Кытайдын насыяларына жол жабылып жатканын айткан. Ошондой эле сотко кайрылып, адвокаттардын өзүн актоо тууралуу өтүнүчүн колдоого чакырган.
Президенттик аппарат Исаковдун кайрылуусу тууралуу комментарий бере элек.
Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча сегиз адамга айып коюлган. Алардын арасында мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаев өңдүү мурдагы жетекчилер бар. Айыпталуучулар өздөрүнүн күнөөсүз экенин айтып келишет. (NT)
