Жанар Акаев: Өкмөт “Азаттык” алып чыккан маселе боюнча чечим кабыл алышы керек
- Эки күн мурун “Азаттык” чыгарган маселе. 700 миллион доллар чыгып кеткени боюнча. Баарыбыз дуулдап жатабыз, бирок чечимди өкмөт кабыл алышы керек да. Бул кимдин акчасы, кайдан келген, эмне болгон акча? Коомчулукта бул акча бир үй-бүлөнүкү, тагыраак айтканда, Матраимовдордуку деген сөз, талкуу кетти.
29-майда «Азаттык» радиосунун «Ыңгайсыз суроолор» программасы эфирге чыккан. «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» деп аталган көрсөтүүнүн автору Али Токтакунов Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун жакындарына катталган мүлк тууралуу сөз болгон.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат баштапкы маалыматтарга таянып, ал миллиондор ири базарларда иштеген ишкерлердин импорттук акчасы экенин айтты. (BTo)
