Трамп Мексиканын товарларына кошумча бажы салыгын киргизет
Буга Мексика дароо жооп кайтарып, Трамптын чечимин "кыйратуучу" жүрүш катары мүнөздөдү. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлү "эгер бул коркутуулар ишке ашса, анын кесепети олуттуу болот" деп айтты.
АКШ президенти Мексиканы Борбордук Америкадан Түндүк Америкага агылган мигранттарды токтото алган жок деп айыптап келет. Мигранттардын көпчүлүгү Гондурас, Гватемала жана Сальвадордун жарандары.
Вашингтондун жаңы тарифтери АКШ, Мексика жана Канада эркин соода боюнча түндүк америкалык келишимди жаңылап бүтүп калган учурга туш келүүдө. Ак үйдүн соңку чечими бул келишимге кандай таасир этери белгисиз.
2018-жылы АКШ менен Мексиканын ортосундагы соода жүгүртүү 671 миллиард долларды түзгөн.
