Башкы прокуратура: "Кыргызтелекомго” байланыштуу сегиз иш ачылган
Анын айтымында, учурда алты иш тергелип жатат, ал эми экөө токтоп турат.
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков жогорудагы кылмыш иштеринен бюджетке кеминде 1 миллиард сом зыян келгенин билдирди.
Жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, тиешелүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда.
Майдын башында түзүлгөн депутаттык комиссия «Альфа-Телеком» мамлекеттик компаниясынын эсебинен «КТ Мобайл» компаниясына 345 миллион сом бөлүүнүн мыйзамдуулугун иликтеп жатат. Анын биринчи отуруму 17-майда болгон. (BTo)
