Кыргызстанда калктын 25 пайыздан ашыгы тамекиге көз каранды
Тамеки колдонуудан өпкө рагы, жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыккандар, каза болгондор да көп.
Жыл сайын белгиленип келген тамекиге каршы күрөшүү күнү быйыл Кыргызстанда "Чылым жана өпкөнүн саламаттыгы" деген ураандын алдында өтүп жатат. Анын алкагында тамекинин ден соолукка тийгизген терс таасири тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканы кабарланды. (NT)
