Казакстандын бир катар аймактарында фермерлер тоюттун кымбаттыгынан малын сатып же союуга аргасыз болууда. Фермерлер ассоциациясы жем-чөпкө болгон баанын көтөрүлүшүнө кургакчылык себеп болууда деп эсептейт.
Айыл чарба министрлиги тоют менен камсыздоо боюнча чечимдерди координациялоо үчүн ыкчам штаб түзүлгөнүн билдирди.
Атырау облусунун тургуну, фермер Жанибек Аралбаевдин 110 уй, 15 бука жана 60ка жакын торпогу бар. Анын быйылкы кышка камылгасы керектөөнүн 70% гана жабат. Жетпей калган чөптү коңшулаш Актөбө облусунан сатып алмакчы болгон. Читать дальше...