Австралияда Элвис Преслиге арналган фестиваль башталды
Австралияда "рок-н-роллдун падышасы" Элвис Преслиге арналган фестиваль башталды. Бүгүн маркум ырчынын ысымын алып жүргөн поезд Сиднейден Паркска жөнөп кетти. Ушуну менен 26-ирет өткөрүлүп жаткан музыка майрамы быйыл «Элвис» деген телеконцерттин 50 жылдыгына арналууда. Фильм 1968-жылы Пресли бир нече убакыттан кийин карьерасын улантып, сахнага кайтып келгенде тартылган. Төрт күнгө созулган иш-чара маалында адатта 25 миң тургуну бар шаардын калкы эки эсе көбөйөт. Калаада көчө жарманкелери, сынактар... Читать дальше...
