Порошенко Зеленскийди телефон чалып куттуктады
Мурдараак Порошенко өз тарапташтарынын алдында сүйлөп жатып, экзит-поллдордун жыйынтыктары ишенимдүү экенин жана атаандашын телефон аркылуу куттуктоого даяр экенин билдирген. Порошенко шайлоо таза жана адилеттүү өткөнүн белгиледи.
Ал саясаттан кетпей турганын жана эгер керек болсо Зеленскийге жардам берүүгө даяр экенин да кошумчалады.
21-апрелде Украинада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өттү. Ага азыркы президент Петро Порошенко менен актер жана куудул Владимир Зеленский катышты.
Бирдиктүү улуттук экзит-поллдун жыйынтыгына ылайык, президенттик шайлоодо талапкер Владимир Зеленский жалпы добуштардын 73,2 пайызын, ал эми азыркы президент Петро Порошенко болсо 25,3 пайызын алды.
Экзит-полл - коомдук уюмдардын шайлоодо элдин кимге добуш бергенин сурамжылоо аркылуу жүргүзгөн алдын ала жыйынтыгы.
Украинанын жаңы президенти 3-июнда ант берип, кызматка киришет.
