Евробиримдик каржылык кылмыштар боюнча башкы прокурорду тандоого киришти
Журналисттерге атын атабаган булактын билдиргени боюнча Бонер 50 добуш, Ковеши менен Риттер 29дан добуш алышкан. Дипломаттардын айтканына караганда, бул жолу добуш берүү башкы прокурорду тандоо жараяны канчалык татаал экенин көрсөттү.
14-февралда тандоо комиссиясы талапкерлерди иргеген. Анда Ковешинин Румыниядагы Коррупцияга каршы улуттук башкармалыкта “лидер жана менежер катары өзгөчө жетишкен ийгиликтери” белгиленген.
Ковеши былтыр бийликтин кысымынан улам Коррупцияга каршы улуттук башкармалыктын жетекчилигинен кеткен. Евробиримдик Румыниядагы жемкорлукка каршы күрөштөгү анын эмгегин жогору баалаган.
