Добавить новость
123ru.net
World News
Февраль
2019

Умбеталиев: Электр тармагында "коммерциялык жоготуу" деген түшүнүк жок

0
Энергетика жаатындагы эксперт Расул Умбеталиев "Азаттык" менен маектешип жатып дүйнөлүк практикада коммерциялык жоготуу деген түшүнүк жок экенин айтты. Адис муну электр кубатын уурдоону мыйзамдаштыруу катары сыпаттады: 


- Былтыр өкмөт бөлүштүрүүчү компанияларга электр жоготууну 14-15 пайыздан 13 пайызга түшүрүүгө тапшырма берген. Бирок Ош менен Жалал-Абаддын бөлүштүрүүчү компаниялары аны аткарган жок. Андан сырткары ГЭСтен өндүрүлүп жаткан электр кубатын бөлүштүрүүчү компанияларга ташып келген "Улуттук электр тармактарынын" жоготуусу алты пайызды түздү. Бул жоготуу техникалык-коммерциялык деп аталат, бирок чынында дүйнөдө коммерциялык жоготуу деген түшүнүк жок. Ал эми бөлүштүрүүчү компаниялардын техникалык жоготуусу дүйнөлүк практикада 6 пайыздан ашпашы керек.


Расул Умбеталиев Акаев менен Бакиевдин учурунда жоготуу 30-40 пайызга жеткенин айтып, анын айынан миллиарддаган каражат уурдалганын кошумчалады.


2018-2019-жылкы кыш мезгилине даярдык тууралуу сүйлөп жатып өлкөнүн өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев былтыр тармактагы жетекчилер берген маалыматтар көп учурда чыныгы абалга шайкеш келбей жатканын билдирип, бул тармактагы абалды оңдоо зарыл экенин белгилеген. 


- Бөлүштүрүү компаниялардын түйүндөрүндө электр энергиясын жоготуу кээде 40% чейин жетет. Ансыз да жыл сайын адистер жоготуу азайганын, башкаруу оңолгонун, ошондой эле жылуулук мезгилине толук даярдык көрүлгөнүн ырасташат, - деген эле өкмөттүн жетекчиси. 


"Улуттук энергохолдингдин" жетекчиси былтыр январь-июнь айларында энергетикадагы жоготуу электр түйүндөрүндө 12,8% пайызды түзгөнүн маалымдаган. (KR)





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net