КСДП: Жаңылана баштадык
КСДП партиясын мурдагы президент Алмазбек Атамбаев негиздеген, азыр ал анын төрагасы.
Өзүн "Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын мүчөсүмүн" деп атаган Сагынбек Абдрахманов Бишкектин бир катар райондорунда жана облустарда "Атамбаевсиз КСДП" деген ураан менен жыйындарды уюштуруп жүрөт.
Былтыр журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Атамбаев азыркы президент Сооронбай Жээнбековду “эски бийликтин жолоюна түшүп, үй-бүлөлүк башкарууга жол берип жатат” деп сындаган.
Кийин Жээнбеков Атамбаев тууралуу "Ал үчүнчү кишилер аркылуу мени жетеленме жетекчи кылгысы келген, менин аракеттеримди башкарып тургусу келген” деп айткан. (RK)
