2018-жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз 4 млрд. 464 млн. долларды түздү
Анын ичинде тышкы карыз – 3 млрд. 825,75 млн. АКШ доллары (267 млрд. 228,64 млн. сом), ички карыз – 638,60 млн. АКШ доллары (44 млрд. 606,03 млн.сом) деп эсептелди.
Финансы министрлиги буга чейин кабарлагандай, былтыр мамлекеттик карызды тейлөөгө 23 млрд. 741,3 млн. сом жумшалды. Бул сумманын ичинен 7 млрд. 76,4 млн. сом пайыздарды, 16 млрд. 664,9 млн. сом негизги карызды төлөөгө сарпталды. (ErN)
