Быйыл республикалык көчмөндөр оюндары Таласта өтөт
- Бул өзүбүздүн жарандарга эле арналган республиканын ичиндеги иш-чара. Дүйнөлүк көчмөндөр оюну улана берет, ал эми бизде өзүбүздүн улуттук спорттун түрлөрүн өнүктүрүү үчүн иш-чара өтүп туруш керек. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына баары эле келе алган жок да, туурабы? Ар бир жаран аны көргүсү келген, жүрөгү менен күйгөн. Ошондуктан биз өзүбүздүн спортту, каада-салтыбызды өнүктүрүү үчүн сунушталган. Бул фестивал вариантында өтөт. Быйылкысы Таласта өтөт дегени анык.
Быйыл 16-февралда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов кичи көчмөндөр оюну эми жыл сайын ар кайсы облуста өткөрүлүп турарын билдирген. (KR)
