Добавить новость
123ru.net
World News
Ноябрь
2013
1 2 3 4 5 6 7 8
9
10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24
25
26 27 28 29 30

Жүрөктө катылган сөздөр

0
Мындан 50 жыл мурун улуу оратор, активист Мартер Лютер Кинг Линкольндун мемориалынын астында туруп, бүтүндөй афроамерикалыктардын жүрөгүндө үмүт шамын күйгүзгөн. Мен да бул макалам менен бүтүндөй калкымды өз мамлекетибизди өнүктүрүүгө, коомубузду тазартууга үндөйт элем.



Сөз учугун маданиятыбыздын, тарыхыбыздын өзөгү болгон, өз ээси жериген, өз эли билбеген эне тилден баштагым келди. Көпчүлүк эл өзүн актоо максатында өз тилин жарды, сөз байлыгы аз дейт. Мен болсо "кыргыз тилинде Бакай атам сүйлөгөн, акыл айткан Бакай эне тил менен" деп айтаар элем.



Менин жүрөгүмдү өйүткөн суроо - эмнеге кылымдарды карытып, башаты тээ б.з.ч 201-жылга барып такалган улуу кыргыз тили өнүкпөйт да, кечээ эле 19-кылымда жаралган англис тили дүйнө жарды?



Ак элечек чоң энесин "бабуля" десе, кантип жүрөк канабайт? Эне тилибизди биз өнүктүрбөсөк башка улуттун өкүлдөрү өнүктүрмөк беле? Айтаарым, кыргыз тили кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан!



Кыргызстан эгемендикти алганына 20 жылдан ашуун убакыт болду. Ушул мезгил ичинде биз эмне таптык, эмне жоготтук? Совет мезгилинде өнүгүп келаткан опера жана балет, театр, спорт, цирктин азыркы абалы жүрөк жылытаарлык эмес. Ал эми жибек, насос ж.б. заводдорубуз иштетилбей жатат. Биз даяр жумушту да жүргүзө албайбызбы? Бир кезде аттуу-барктуу Илимдер академиясы азыр илимий даражалар менен соода кылып калса, саны бар, сапаты жок университеттер билим берүүнү бизнеске айландырышты. Коррупцияга белчебизден баттык...



Мунун баарын ким башынан түптөөгө тийиш? Албетте биз – мамлекетибиздин куруучулары болгон жаштар. Менин оюмча биздин коомго прогрессивдүү, жаңы идеяларга бай жаштар керек. 80-жылдан мурда, олимпиадага чейин (СССРде өткөн жайкы спорт олимпиадасы) туулгандар Союздун ой жүгүртүүсү менен калып кеткен. Бизге уюштуруучулук дарамети күчтүү, таза иштеген жаш кадрлар керек. Ошондой эле элибиз төрт тарабы төп келген лидерге суусап турган убагы. Тарыхтын актай барактарына кайрылсак, кыргыз элинен чыгаан кол башчылар чыккан.



Акыркы убакта алакандай Кыргызстанымды бөлүп-жарган адамдар көбөйдү. Бул түндүк-түштүк, кыргыз-өзбек маселелери. Кыргыз эли ынтымактуу болуп, өз тилин, маданиятын сыйласа, башка улуттар да сыйлайт эле.



Азыр коомчулуктун чордонунда Кумтөр маселеси турат. 20 жылдан бери алтынды кирпичке теңеп сатып алып жаткандары аз келгенсип, алар биздин жаратылышты жабыркатып жатышат. Эгер уран, плутоний көмүлгөн жерге полиэтилен төшөлбөсө, аягы жаман болот. Алгач озондор аркылуу берметибиз болгон Ысык-Көлдү булгайт. Жылдар айланып аймактык маселе Орто Азиянын баарына зыян тийгизиши турган кеп. Андыктан азыр чамдайлы! Кереметтүү кыргыз жерин көздүн карегиндей сактайлы.



Манасын кытайга алдырган кыргыз кымызын казакка алдырды го, чиркин! Айтайын дегеним биз да улуттук мурастарыбызды ЮНЕСКОнун тизмесине киргизишибиз керек.



Айдын он беши караңгы, он беши жарык дегендей, мен кыргыз элиме жакшы күн келет деп жүрөгүмдүн түпкүрүндө терең ишенем.



Нурзат Султанмахмутова





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net