Добавить новость
123ru.net
World News
Ноябрь
2013
1 2 3 4 5 6 7 8
9
10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24
25
26 27 28 29 30

Адам болгум келет

0
- Мен эл үчүн иштегим келет. Укугун коргойм, көйгөйлөрүн чечем, жаркын келечек түзөм. Жардамын аябаган жакшы адам болгум келет. Атымды укканда адамдардын жүзүндө кубанычтан жылмаюу пайда болсо, мен максатыма жеткен болом.



- Элчи, юрист, журналист – бул эркектердин иши. Мугалим, медайым болуп, жөнөкөй кесип менен иштей албайсыңбы?



- Азыр эркек-аял дебей эле иштеп жатышат. Коом өзгөрбөдүбү.



- Ошентсе да сен келечекте үй-бүлөдө жар, эне болууга ылайык кесипти тандашың керек! - деп апам маекке чекит койду.



Документтеримди колума кармап, окуу жайды көздөй унчукпай басып бараттык. Жайдын аптабында кайсы окууга тапшырам дегендерди ар бир кадам сайын жолуктурууга болот эле.



Жаныбыздан өтүп баратып, бир аял кызына “журналисттер ушакчы болушат. Сен дарыгерликке тапшырасың” дегенин уккан апам мыйыгынан күлүп койду. Оюмду өзгөрткөнгө аракет кылышса да, өзүмдүкүн берген жокмун. Билим алган соң аздыр-көптүр иштеп, жумуштун күңгөй-тескейин көрүп, ыйлаган күндөрүм да болду. 

 

Журналист – коомдун күзгүсү, бийлик менен элдин ортосундагы адилеттик, чындык үчүн курулган көпүрө. Ал эми мен жаңы салындым. Максатыма жеттим. Коомдун үнүн угуп, көздөрүм башкача көрө баштады. Бирок адамдардын жаңы нерсеге ишеним көрсөтүүсү оңой эмес экен.



Жакында менин дүйнөмдүн жаңыча аталышын угуп сай-сөөгүм сыздап кетти.



“Кыргыз тилдүү гезиттерде ушактологдор иштейт. Ким көп жем берсе, ошонун намазын окуйт...” Ушактолог... Мен элдин жүзү, чындык үчүн күрөшкөн кесиптин ээлерин ушундай атаган доордо иштегенди эңсеген эмесмин. Айылда эки элди эриктирбеген, бир айылды бириктирбеген аялдар менен тең бааланган кесипти аркалайм деп тилек кылган да мен эмес.



Арданып, ар бир кишиге барып актангым келди. Уялдым. Айлам канча, кайра иштей баштадым. Жок, андай эмес деп кыйкырганымды эч ким укпайт, же менин үнүм жетпеди.



Окуу жайда “Атың чыкпаса, жер өрттө” деген сабак жок болсо, азыркы маалымат каражаттарында иштегендер кайсы жактан үйрөндү? деген суроо оюмдан кетпей койду. Сөз эркиндигин кыянаттык менен пайдаланып, окурмандын санын көбөйтүү үчүн такталбаган маалыматты жазуунун кажети бар беле? 



Сүйүктүү кесибимди аркалап жатып, коомдун көчү кайда көчсө, ошол жакка барам, агым кайда акса ошол тарапка агам, шамал кайда соксо анын багыты менен кошо учам дегеним бар. Көч, агым, шамалдын жарга барып такалып жатканын көрүп, бүгүн мен өзгөрүп отурам.



Акча үчүн көрүнгөндүн саманын сапырбай, чындык, эл үчүн эмгектенген адам болгум келет. Кыйын кезеңде калың калкка жардам берип, үнүн бийликке жеткирген чөйрө, кайра өз ишин мыкты билген адистер менен толукталат деген менде бир кыял бар.



Айпери Ганыжан кызы





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net