Добавить новость
123ru.net
World News
Ноябрь
2013
1 2 3 4 5 6 7 8
9
10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24
25
26 27 28 29 30

Максаттар бириксинчи!

0
Эгемендикке ээ болуу, болгондо да кан төгүүсүз, жоготуусуз эгемендикке ээ болуу - Теңирдин элибизге тартуулаган эң чоң белеги эле. Мына, андан бери далай суулар акты, мезгил мерчеминен жазбай зымырады.



Бүгүн ошол эгемен Кыргызстан жыйырма эки жашка толуп, баралына келип турган маалы. Бирок биз тай-тай туруп баскандан тарта базар экономикасынын жүгүн артындык. Жөө тумандай каптаган жумушсуздук желкебизден басты, базардан байгерчиликти эңсеген жаштар өстүк. Демократия, анын ичинде биздин Кыргызстаныбыздын эгемендиги, эркиндиги, азаттыгы, анын баасы тууралуу нечендеген ойлор айтылды жана узакка чейин айтыла бермекчи.



Демократия аралындагы жалпы адамзат үчүн эң башкысы - мамиле деген нерсе биринчи турушу абзел. Ар бир жаран өз деңгээлин, вазыйпасын билип, туюп, адамдарга мамиле түшүнүгүн күчөтүү зарыл. Жөнөкөй жаран менен жогорку бийликте турган жарандын мамилеси, милдети эң жөнөкөй жана түшүнүшүү деңгээлинде болуусу абзел.



Биз бирибиз экинчибиз менен мамилени туура түзүүнү бийик милдет катары эсептешибиз абзел. Мамиле, түшүнүшүү деген нерселер кандай сонун!



Кыргызстаныбызда саясий элита менен карапайым калктын ортосундагы мамилени ар бир жаран жүрөк түпкүрүндө ойлонуу керек. Маселен, жөнөкөй жарандар да, саясий элита адамдары да биздики, биздин Кыргызстандыкы.



Бирок жөнөкөй жарандардын баары эмес, арасындагы жарымы президент, өкмөт, ошол эле эл өкүлдөрү башка планетадан түшүп, биздин өлөкөгө келгендей мамиле кылабыз. Себеби ошол атап өткөн саясий структураларда эмгектенген адамдар, ошол эле президент, өкмөт биздики деген түшүнүк бизде жок. Эгер бизде “бардык нерсе биздики” деген күч болгондо, өлкөдө орун алып жаткан нааразычылык пикирлер, митингдер аз болмок. Акчасы көптөрдүн баары, маданияты аздын баары биздин өлкөдө.



Бизди Сауд Арабиядан окуп келген диний элита башкарабы же Кытай, Корея, Америкадан окуп келген капиталисттик элита башкарабы? Мына ушул маселедеги мамилени, көз карашты чечүү абдан маанилүү. 



Азырынча бизге парламенттик башкаруу системасы жакын жана ушул жол менен көккө учабыз деп турабыз. Ооба, убакыт күтүп турбайт, бүгүнкү жаштар эртең мамлекетти колуна алат. Анан? Ошондо азыр Орусияда окуп жатышкан он миңдей бала менен Батыштан окуп келгендердин көз карашы биригеби? Ал эми Жапон менен Кытайдан окуп келгендер кандай саясат жүргүзүшөт? Ушул жерде топтолгон жаштарыбыз арасында жаатташуу башталбайбы? Мына азыртадан ушул жаштарды бириктире турган мамилени ойлонушубуз зарыл.



Саясат - бул мамиле. Экинчи улуттук элитанын ичиндеги өз ара мамиле.  Канткенде биз кыргыз экенибизди түшүнөбүз? Мисалы, Түркия элинин канында эмне деген улуттун каны аралашкан жок! Бирок эң башкысы буларда түрктүн каны, образы бар да. Ал эми биз канчалык деңгээлде мусулманбыз? Ирактынбы же түркмөндөрдүн деңгээлиндеби? Ар бир өлкөдө мусулманчылыктын таасири ар кандай?



Биздин муфтиятта деле ич ара үч-төрткө бөлүнүп жүрүшөт. Бизде бир түрдөгү гана мусулман элитасы болушу зарыл. Бизге төрт мамлекеттин тажрыйбасы керек. Түркиядан биз албетте соода-сатыкты үйрөнүшүбүз керек. А чыныгы диний реформа Малайзияда болгон. Мусулман улуттарынын ичинен эң бийик өнүккөнү - малай эли. Алар Батыштын илимин, технологиясын алып, бирок рухий жагынан өзүнүн салты менен мусулманчылыкты сактап калган.



Биздин түпкү көрөңгөбүз баары бир кыргыз салты. Кыргыз салтынын мусулманчылыкка каршы келген жери жок. Кээ бирөө жөн эле апыртып айтып жүрүшөт. Ошонун негизинде мусулман салты кыргыздашкан.   



Жогоруда атап өткөн четтен келген көз караштын баары кыргыздаш керек. Кыргыз үчүн гана кызмат кылуу - биздин милдет. Элбиз үчүн жаны күйгөндөрдүн башы, максаттарыбыз бириксинчи.

                                                                                                               

Бактыбек кызы Мээрим





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net