Милиционер машинеси менен сүзүп кеткен үч адамдын бири каза тапты
Баштапкы маалыматка караганда, машине айдап бараткан 27 жаштагы милиционер мас абалында болгон. Анын "Mercedes-Benz" автоунаасы "Nissan Cefiro" менен сүзүшүп, жанында турган адамдарга барып тийген.
Айыбын мойнуна алган милиционер Жайыл райондук ички иштер башкармалыгынын күзөт бөлүмүнүн кызматкери экени аныкталды.
Кылмыш иши козголду. Шектүү бир айга тергөө абагына камалды.
