Темир Жумакадыровдун элесине арналган дебат оюндары өттү
Аны аталган университет менен Темир Жумакадыров атындагы «PRO LEX» фонду "Кыргыз-жапон өнүктүрүү борборунун" колдоосунда уюштурду.
Иш-чарада Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүү, мамлекет, бизнес, жарандык коом жана эл аралык уюмдардын өз ара кызматташтык стратегиясы талкууланды.
Темир Жумакадыров КУУнун эл аралык мамилелер факультетин аяктаган. Студенттик кезинде дебаттарга, оюндарга катышып келген.
38 жаштагы Темир Жумакадыров былтыр 7-октябрда Таласка баратып Чүйдүн Садовое айылындагы жол кырсыгынан каза болгон.
