Германиянын аэропортторунда коопсуздук чаралары күчөтүлдү
Германиялык маалымат каражаттары билдиргендей, шектүү делген кишилердин кеминде бирөө радикал исламчылардын тизмесинде. Полиция өкүлү бул маалыматка комментарий берүүдөн баш тартканын "Reuters" жазып чыкты.
Германиядагы "SWR" телекомпаниясы полиция төрт адамды издеп жатканын кабарлады. Маалыматка караганда, алардын экөө ата-бала, Түндүк Рейн-Вестфалия аймагынан келишкен. Өткөн аптада алар Париж аэропортунда терминалды сүрөткө тартып, полициянын назарына түшкөн.
Штутгарт Франциянын Страсбург шаарынан 150 метр алыстыкта жайгашкан. Страсбургда 11-декабрда 29 жаштагы Шериф Шекат Рождество майрамынын катышуучуларына ок атып, беш киши каза болгон. Он бири жаракат алган.
Окуя болгон жерден качып кеткен Шекатты полиция эки күн издеп, 13 -декабрдагы операция учурунда жок кылган.
Буга чейин француз полициясы Шериф Шекатты экстремизмге шектүү кишилердин тизмесине киргизген. Ал Франция, Германия жана Швейцарияда бир нече жолу кылмыш жасап, жазаланып чыккан.
Шекат ишке ашырган кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган террордук топ алган.
