Пакистанда үч жанкечти Кытайдын консулдугуна кирерде өлтүрүлдү
“Балучистандын боштондук армиясы” деген козголоңчул топ жоопкерчилик алган бүгүнкү кол салуу учурунда жергиликтүү полициянын эки офицери да курман болгон.
Карачинин полиция башчысы Амир Шейхтин билдиргенине караганда, үч жанкечти Кытайдын консулдугуна кирүүгө аракеттенген, бирок алар имаратка жеткирилбей эле атып өлтүрүлдү.
Пакистандын телеканалдары Карачинин катуу кайтарылган районунда жайгашкан консулдуктун имаратынын алдынан анча күчтүү эмес жарылуунун үнү угулганын да кабарлашты.
Пакистандын премьер-министри Имран Хан кол салууну иликтөөгө көрсөтмө берди.
Бээжинден болсо Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Генг Шуанг алардын консулдугуна кол салууну айыптады. Муну менен катар Бээжин Пакистандан Кытайдын жарандары менен алардын мекемелеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштиктүү чара көрүүгө чакырды. (UE)
