Порошенко: Украина НАТОго кирүү боюнча мүдөөсүнөн кайтпайт
Порошенконун айтымында, Киев өлкөнүн стратегиялык максаттары катары НАТОго жана Евробиримдикке кирүүнү Конституцияда жазуу менен Москвага андан “толук жана артка кайткыс болуп” кол үзгөнүн да көргөзүүдө.
Порошенко парламенттеги сөзүндө ошондой эле Орусия “агрессор” өлкө катары Украинанын Батыштагы бул эки уюмга кошулушуна “вето” коё албасын да белгиледи.
Украинанын Конституциясына өзгөртүү киргизүүнү караган мыйзам долбоорун бүгүн парламент биринчи окууда көпчүлүк добуш менен кабыл алды.
Ага ылайык, украин Конституциясына Евробиримдик менен НАТОго кошулуу өлкөнүн стратегиялык максаты катары көргөзүлгөн жобо киргизилет. (UE)
