Добавить новость
123ru.net
World News
Ноябрь
2018

Тарыхчынын мааракесине арналган илимий жыйын өтөт

0
Жума күнү (23-ноябрда) Бишкекте “Кыргыз каганаты тарыхы жана кыргыз таануу маселелери” аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын өтүүдө. Ал эгемен Кыргызстанда алгачкы болуп Энесай Кыргыз каганатынын тарыхы боюнча кандидаттык диссертация жактаган белгилүү тарыхчы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Муратбек Кожобековдун 60 жылдык торколуу тоюна арналган.


И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин башкы имаратында саат 10:00до баштала турган бул жыйындын материалдары алдын ала жарыяланды. Анда Кыргызстандын тарыхчы илимпоздорунан тышкары америкалык, казакстандык, түркиялык, кытайлык, орусиялык чыгыш таануучулардын макалалары камтылган.


Илимий шеринени уюштурууга Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратына караштуу «Мурас» фонду, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси, Азамат Алтай атындагы эл аралык коомдук фонд жана башка шериктер салым кошту.




Маараке ээси Муратбек Чалаке уулу Кожобеков - Эл аралык Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин доценти. Ал 1958-жылы тогуздун айынын (октябрдын) 14үндө Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Панфилов районундагы Кум-Арык айылында туулган. Анын Энесай Кыргыз каганатынын тарыхына арналган диссертациялык жана башка илимий эмгектери постсоветтик кыргыз тарыхнаамасында барандуу орунду ээлейт. Аны илимий устаты, маркум профессор Өмүркул Караевдин (1930-2002) мектебинин өкүлү катары баалап келишет.


Мурат Кожобеков 1996-1999-жылдары “Азаттык” үналгысынын жергиликтүү кабарчысы болуп да иштеди. Кийинчерээк да бул үналгыда кыргыз тарыхына жана тарыхый окуяларды чагылдырууга арналган берүүлөрдү обого чыгарып жүрдү. Азамат Алтай атындагы эл аралык коомдук фондунун президенти Тойчубек Тургамбаевдин маалымдашынча, аталган фонд Кыргызстандагы демократиялык жүрүм жана сөз эркиндиги үчүн күрөшкө кошкон салымы үчүн Муратбек Кожобековду эстелик медалы менен сыйлоо тууралуу чечим кылды.





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net