Добавить новость
123ru.net
World News
Ноябрь
2018

Кытайда жакындары камалган кыргыз-казак жарандары Алматыда жыйынга чогулду

0
Кытайда жакындары камалган жарандар бүгүн, 23-ноябрда Казакстандын Алматы шаарында жыйынга чогулушту. Казакстандагы кайрылмандар менен иштеген "Ата Журттун ыктыярдуу жаштары" уюму уюштурган жыйынга Кыргызстандан онго жакын жаран барган. Ошондой эле Кытайдагы туугандарынын дайынын билбей жаткан ондогон казакстандыктар бар. 


Алар батыш мамлекеттеринен, Англия, Германиядан келген журналисттерге маалымат берип жатышат. Эл аралык коомчулукка, кыргыз-казак бийлигине кайрылып, Кытайда камакта отурган жакындарын бошотууга көмөктөшүүнү суранышууда. 


Кытайда кармалган кыргыздардын саны 50 миңден ашып кеткенин, казактардын саны беш жүз миң деп айтылганы менен иш жүзүндө жети жүз миңдей экенин буга чейин “Ата-Журттун ыктыярдуу жаштары” уюмунун өкүлү, активист Серикжан Билаш "Азаттыкка" билдирген. Анын айтымында, аталган уюмга камакка алынган кытайлык кыргыздардын саны тууралуу кабар эки ай мурда келген. Эки айдан берки кармалгандарды эске алганда камакка алынгандар мындан бир топ көп болушу мүмкүн. Билаштын маалыматына караганда, акыркы кездери дүйнөлүк маалымат каражаттарында "Кытайда жалаң гана мусулмандар, динчилдер кармалып жатат" деген туура эмес кабар тарап жатат. Буга байланыштуу Кытайда башка улуттардын, диндин өкүлдөрүнө да куугунтук болуп жатканын, бейкүнөө камалып, кыйноого алынып жаткандарды бошотуу зарылдыгына эл аралык маалымат каражаттарынын көңүлүн бурдуруу аракети көрүлүүдө. Батыштык журналисттер да ушул максатта чакырылган.    


Расмий маалыматка караганда, Шинжаң-уйгур автоном районунун Кызыл-Суу Кыргыз автоном аймагында 160 миңге жакын кыргыз жашайт. Ал эми казактар 1 миллион 400 миңден ашуун. 


Кыргызстанда да Кытайдан көчүп келген кайрылмандар ал жакта калган жакындары кабарсыздыгын, камакта жатканын айтып "Азаттыкка" көп кайрылууда. Алардын бир тобу кыргыз бийлиги расмий жооп бербей жаткандыктан, туугандарын табуу аракетинде Казакстандагы “Ата-Журттун ыктыярдуу жаштары” уюмунан жардам күтүүдө.


Кыргызстандын бийлиги Кытайдагы кыргыздардын укуктары боюнча кандайдыр бир дипломатиялык ыкмаларды колдоно элек. Буга чейин Казакстан Кытайга нота жолдогон. Коңшу өлкөдө жарандык коомдун тынымсыз аракеттеринин натыйжасында ондогон казак түрмөдөн чыгып, Казакстанга келген.


​Шинжаңда миңдеген адамдар "саясий тарбия берүүчү лагерлерде" кармалып жатканы тууралуу кабарлар 2016-жылдан тартып белгилүү боло баштаган.Куугунтукка кабылып жаткандар "саясий тарбия берүүчү лагерлерди" "түрмө, концлагерь" деп атаса, Кытайдын бийлиги “жарандарды кесипке үйрөтүүчү кадыресе борборлор" катары сыпаттап келет. (NT)





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net