Соцфонд: иштеген алты адам беш пенсионерди каржылайт
Бул тууралуу 22-ноябрда Социалдык фонддун жетекчиси Медер Исраилов парламентте билдирди.
Анын айтымында, 2016-жылы пенсионерлердин саны 13 миңге, 2017-жылы 16 миңге, 2018-жылы 15 миңге көбөйөт деп күтүлүп жатат. Өткөн жылы пенсияга бюджеттен 42,5 млрд. сом кеткен. Социалдык фонддун жетекчилиги бир нече жылдан кийин пенсияны төлөө бюджетке күч келтире турганын ачык айтты.
Учурда Кыргызстанда 648 миң пенсионер бар. Мындан тышкары мамлекеттик бюджеттен 21 миң аскер кызматкери пенсия алат. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, Кыргызстанда орточо пенсиянын өлчөмү 5401 сом болсо, орточо айлык 15, 7 миң сом. (Tsh)
